shkolakz.ru 1 2 ... 13 14
Обложка книги



А.БЕКНАЗАРОВ:


«УНЧУКПАЙ КОЮУГА УКУГУМ ЖОК!»

(Кыргызстандын эгемен доорундагы (1991-2012-жж.) коррупциялык схемалар, анын катышуучулары, кесепеттери жөнүндө)





«НЕ ИМЕЮ ПРАВО МОЛЧАТЬ!»

(О коррупционных схемах и их участниках, последствиях за годы Независимости

(1991-2012 г.г.)


Бишкек - 2012

Внутреняя сторона книги


Эскертме

Эгерде тексттерде, сан ариптерде (кыргыз жана орус тилдериндеги)

дал келбөөчүлүктөр болсо, кечирим сурайм жана кыргыз тилиндеги текстти түп нускасы катары түшүнүүңүздү өтүнөм.


Примечание

В тесктах, цифрах (на русском и кыргызском языках) если имеются несовпадения, прошу прощения и, за оригинал принимать текст на кыргызском языке

Автор


Редактор Усен Полотов


Использована карикатура Руслана Валитова

Нускасы 2000 даана.

Тираж 2000 экз.


Кириш сөз:

Бүгүн көчөдө, тойдо, чайханада болсун, дегеле эки адамдын башы кошулган жерде «коррупция», «коррупционер» деген сөз кыргыздын кадыресе төл сөзүндөй айтылып калды. Саясатчылардын маегинде, жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүндө сөзсүз бул сөз айтылбай койбойт. Кайсы гана саясий партия же анын лидерлери, Президенттикке талапкерлер шайлоолордо өздөрүнүн негизги платформасы катары «коррупцияны жоготом» деп келе жатышат.

Ар кайсы чакырылыштагы Парламент же ар бир Кыргыз Республикасынын Жаңы Өкмөтү же Президенти негизги иши катары коррупция менен күрөшүүдөн баштарын көрүп келгенбиз, көрүп жатабыз.

Кыргызстандын азыркы Президенти, менин досум, Алмазбек Шаршенович да мурдагылардан кем калбай жылдын башында Коргоо Кеңешинин жыйынын өткөрүп, Коррупцияга каршы атайын Кызмат түзүп, ага толгон-токой ыйгарым укук берип, коррупция менен катуу «согушуп» жаткан мезгили.


Ушундай учурда досума жардам иретинде мен билген Кыргызстандагы коррупция жөнүндө, анын схемалары, тамыры, катышуучулары, кесепети, анын менен күрөшүүнүн айрым жолдору тууралуу Президентке айтып, өз жардамымды берүүнү Улуу Рамазан айында тилек кылган элем. 2012-жылдын 29-августунда «АКИ-Пресс» маалымат борборунда «Коррупциялык схемалар, келишимдер» жөнүндө биринчи бөлүктү айткандан кийин, көптөгөн телефон чалуулар (анын ичинде коркутуулар, актануулар да бар) болуп, Президентке бере турган билдирүүмдү жалпы коомчулукка да билдирүү катары кайра жазууну өтүнүштү. Мен туура көрдүм.

Ошол пресс-конференциямда айткандай, бул билдирүүнүн максаты кимдир бирөөнүн «жарасын» тырмоо, кимдир бирөөдөн өч алуу эмес, коррупция деген нерсе бүткүл адамзатка кедергисин тийгизип жаткан, айыкпас жугуштуу оорудай экенин, аны бир эле жазалоо жолу менен же укук коргоо органдарынын, Президенттин күчү менен жеңүү мүмкүн эместигин, аны ооздуктоо үчүн мамлекеттик узак жана кыска мөөнөттүү системалуу иш чараны, ал иш чараны формалдуу декларация түрүндө эмес, күндө, пландуу, үзгүлтүксүз жалпы элдик иш катары ачык жүргүзүү керектигин турмуш далилдеп жатканын айткым келет. Коррупция менен бир эле Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө «ооруп» турат. Бирок, ал оорунун деңгээли ар кайсы өлкөдө ар кандай. Менин бул билдирүүмдөгү маалыматтар кыргыз коомчулугу үчүн жаңылык деле эмес. Булар мурда деле ар кайсы мамлекеттик органдардын (Президенттин, Коопсуздук Кеңештин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн) жыйындарында айтылган, каралган материалдардан, укук коргоо органдары тарабынан текшерилген же козголгон кылмыш иштерден жалпы элге белгилүү. Колумдан келишинче Кыргызстандын эгемен доорундагы коррупциялык схемаларын анализдеп, анын тамыры кайда, ал эмне үчүн Кыргызстанда бекем олтурганын изилдеп, жалпылап, анын кесепеттерин атоого мага төмөндөгүлөр түрткү болду.

- Кыргызстанда коррупция бар, жашап жатканын баарыбыз мойнубузга алабыз.

- Бардык Президенке талапкерлерден тартып, айыл башчылыгына талапкерлерге чейин эл алдына барганда «коррупцияны жайлайм» деп убада беребиз, жеңгенибиз ишти коррупцияга «согуш жарыялоо» менен баштайбыз;


- Ушул 21 жыл ичинде эки Элдик революция болуп, эки Президент «качкын» аталып качып кетти;

- Революциялардын башкы талаптарынын бири болуп коррупцияны ооздуктоо максаты болот;

- Өлкө тонолуп, завод-фабрикалар, дүкөн, мал сарайларга чейин жок болду, жерлер сатылды;

- Ушул 21 жыл ичинде бир дагы адам «коррупционер» катары соттолгон жок (жаңылсам кечирим сурайм), бир дагы чиновник, Акаев, Бакиеви баш болуп, анын айланасы, жакындары «жаңылдык, жаздык» деп өкүнө элек. «Таптазабыз, Бекназаров өзү коррупционер» дешет;

- Эки революциядан кийин жаңы башкы прокурорлор дайындалып, коррупция боюнча жүздөн кем эмес кылмыш иши козголот, анан эле ал башкы прокурорлор 6 айга жетпей кызматынан кетирилет да (2005-ж. А.Бекназаров апрель-сентябрь, 2010-ж. Б.Ибраев апрель-сентябрь), ал кылмыш иштердин дайыны чыкпайт, ал иштер боюнча жоопко тартылгандар же акталат, же министр, депутат, Президенттин Администрация башчылары болуп калышат.

- Кыргыз «олигархтарыбыз» дегендер негизинен Акаев, Бакиев менен бирге иштешкендер;

- Эки элдик революция болгону менен «качкындар», Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөсүнөн башкалары, кайра келишет да, кайрадан бийликте, байлык ээлери, эч нерсе болбогондой, эл, саясат башында. Анын себеби эмнеде?;

Ушуга окшогон ондогон ой-толгонуулардан кийин ачык билдирүү менен чыгууну чечтим. Бул билдирүүмдөн кийин жүздөгөн душман күтөрүмдү, ал душмандарым азыркы кыргыздын бийлик бутактарында олтурушкан, колдорунда гезит, интернет-сайттар, теле, радиолору, ондогон журналисттери бар экенин, мага каршы «тири укмуштуудай» чабуул коюуларын билип, сезсем да, тобокелчиликке салдым. Себеби, мен тарапта далилдүү чындык, миңдеген эл турат. Билдирүүнүн негизги максаты -коррупциялык схемалардын бетин ачып, элдин сотуна салып берүү.

Ал адамдардын көпчүлүгү менен тааныш да эмесмин, алар менен аласа-бересем да жок. Бирок элибиз бир, жерибиз бир, “коррупция” деген проблемабыз да бир. Ошондуктан алар мени туура түшүнөт деп ойлойм.


Билдирүүдөгү адамдарды мен «коррупционер» деп атаган жокмун, айтууга укугум да жок, болгону аларды «коррупциялык схемалардын катышуучулары» деп атадым. Анткени, алар ошол кездерде ээлеген кызмат ордуна же саясаттагы ордуна жараша ал процесстерде (мисалы, кредиттерди бөлүштүрүүдө) катышуучу болгон.

Кайсы бир кредиттердин өлчөмү же болбосо болжолдуу зыяндын көлөмү реалдуу болбошу да мүмкүн, анткени, ал фактылар боюнча ошол эле коррупциянын күчү менен ушул күнгө чейин текшерүүлөр, экспертизалар реалдуу жүргүзүлө элек.

Дагы бир жолу бул билдирүүм менен кимдир бирөөнүн «эски жарасын” чукусам же турмушуна бүлүк салсам ал адамдан кечирим сурайм, андай ой-максат менде жок. Менин максатым «коррупция» деген ооруу менен ооруп турган мамлекетибизди, коомчулугубузду айыктыруу, айыгуунун жолун, «дарысын» издөө, табуу. А мүмкүн Сиз өзүңүз да мага кошулуп жардам берерсиз. Мекенибиз бир да, урматтуу Замандаш!


А.БЕКНАЗАРОВ: «УНЧУКПАЙ КОЮУГА УКУГУМ ЖОК»

(Кыргызстандын эгемен доорундагы (1991-2012-жж.) коррупциялык схемалар, келишимдер жана алардын кесепеттери жөнүндө)


«Кудайдын амири» болдубу же Россиянын биринчи Президенти Б.Ельциндин, СССРдин биринчи жана акыркы Президенти М.Горбачевго өчөшүп, мурдагы союздук республикаларга «каалашыңарча эгемендүүлүгүңөрдү алгыла» деген саясатынанбы, айтор кыргыз эли тарыхта биринчи жолу «согушсуз», революциясыз өз жерине, өз өлкөсүнө толук кандуу ээ болгонуна 1991-жылдан бери туптуура 21 жыл өттү.

Бул чейрек мезгил ичинде СССРдин курамындагы Кыргыз ССРи эле эгемендүү Кыргыз Республикасына кайра түзүлбөй, Кыргызстандын элинин да жан дүйнөсү өзгөрдү. «Бардык бийлик Советтерде» деген жалган жарлыкка жамынган Коммунисттик партиянын жеке башкаруусу жокко чыгарылып, капитализмдин катаал коомдук мамилелери, «демократия», «адам укугу жана эркиндиктери», «базар экономикасы», «сөз эркиндиги» ж.б. улуу ураандар менен кошо өлкөнү башкарган «президент», «премьер-министр», «губернатор», «аким» ж.б. төбөлдүк аталыштар менен жаңы чиновниктер пайда болду. Алар менен аралаш кыргыз коомчулугунда мурда кеңири кездешпеген «коррупция» деген жаңы түшүнүк келди. Башында аны түшүнгөн түшүнбөгөнү да кез келгенде өзүнүн «билимдүүлүгүн» көрсөткүсү келип, ыгы келсе да келбесе да ал жөнүндө айтып жүрүштү.


Күндөн-күнгө, жылдан-жылга бул «балее» бүт Кыргызстанды каптады. Ага эч кимдин күчү жетпеди. Ал Ак үйдүн 7-кабатынан бекем орун алды. Аны менен оорубаган мамлекеттик чиновниктер аз калды…


Коррупция деген эмне?

«Коррупция» деген сөз - кыргыз тилине которгондо «сатып алуу», орусчасы «подкуп», латындын «corrumpere» деген сөзүнөн жаралган. Коомчулукта коррупция - бул кызмат адамдарынын ага мыйзам боюнча берилген бийлик укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн өз кызыкчылыктары же өз жакындары үчүн пайдаланган укукка жат кылмыштуу аракеттер же аракетсиздик катары кабыл алынат.

Коррупция деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын «Коррупция менен күрөшүү жөнүндөгү» мыйзамында бир эле кылмыш эмес, социалдык жат көрүнүш катары да аныкталган.

Коррупция кылмыш катары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясында «Коррупция - материалдык, ар кандай башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамынын айрым адамдар же топтор менен туруктуу байланышын билдирген, коомдун жана мамлекеттин таламдарына коркунуч келтирген атайын жасалган жосундар» - деп белгиленген. Ал өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелип, кызматтык кылмыштарга кирет. Жазасынын мөөнөтү сегиз жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Саясий документтерде, юристтердин арасында коррупция кайсы чөйрөдө болгонуна жараша ар кандай аталып жүрөт. Мисалы, өлкөнүн саясий турмушундагы, эң жогорку саясий кызматты ээлеген кызмат адамдарынын, шайлоолордо кайсы бир саясий партиялардын пайдасы үчүн административдик ресурстарды пайдалануу, фальсификациялоо аракеттери, мыйзам долбоорлорун даярдоодо, кабыл алууда жеке кызыкчылыктарды көздөө (лоббирование), кадрларды тандоодо өз туугандарын тартуу саясий партиялардын ичиндеги укукка жат жосундарды «саясий коррупция» деп атап жүрүшөт.

Акаевдин доорунда башталып, Бакиевдин доорунда кадимкидей гүлдөп, өнүккөн коррупциянын жаңы түрү - бул «мыйзамдаштырылган коррупция». Бакиевдин инилери, уулдары кайсы бир объектини, банкты тартып алууну кааласа, бийликтин бардык бутактарын, анын ичинде сот бийлигин да бул процесске аралаштырып, акырында сот аркылуу жасалма «кудуретсиз» (банкрот) кылуу жолу менен өздөрүнө тартып алышкан. Мисалы, “Ак-Кемени”, «Кристаллды», «Промстройбанкты», «Ысык-Көл Инвестбанкты» ж.б. ушундай «мыйзам жолу» менен алып коюшкан.

Ошол Акаев жана Бакиевдер доорлорунда гүлдөп өскөн «мыйзамдаштырылган кадамдар» азыркы күндөрдө да улантылып жатат.

Мамлекеттик чиновниктердин компетентсиздигинен, адистигинин жоктугунан, кызмат орунга адистигине эмес, партиялык көз карашы жана таандыгы боюнча дайындалуунун айынан, мамлекеттик ишке кедерги тийип жатканын көрүүгө болот. Мында чиновниктер аз гана убакытка дайындалганын билишет жана ошол мезгилдин ичинде чонураак «устукан» алып калганга далалаттанышат. Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын заматта унутуп коюшканына «тооба» деген бойдон кала бересин.

Мисалы, «Ак-Кеме» мейманканасы боюнча түрктөрдүн «Систем Мюхендислик» деген курулуш компаниясынын алдамчылык менен мамлекетке кыйла зыян келтиргенинин себеби, так мына ушул айрым бир чиновниктердин, тагыраак айтканда өкмөтүбүз менен Каржы министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин шалаакылыгы болгон. Азыркы каржы министрлери да ошондой эле каталарды кайталап жатышат.

Административдик коррупция - аткаруу бийлигинин ортоңку жана төмөнкү инстанцияларында, өз алдынча башкаруу органдарында көбүрөөк кездешет. Мисалы, бир эле убакта мамлекеттик чиновник иш жүзүндө өз алдынча башкаруу органдарын башкарат же өз таасиринен ага «өз алдынчалык» бербейт, кандайдыр бир чечимдерди чыгартпайт.

Кыргызстандагы эң көп кездешкен коррупциянын түрү - бул «турмуш-тиричилик», «бытовой» коррупция. Социалдык, билим берүү, тейлөө, медицина, укук коргоо, сот органдарындагы кайсы бир мыйзамдуу бүтө турган ишти мыйзам чегинде, жөн эле бүткөрбөй же бүткөртпөй коюу менен, өнөкөткө айланып калган «ыраазычылык пара», белек алуу менен анан иш кылынат. «Куру аякка бата жүрбөйт» - деген принципти кармашат.


Мамлекеттик каржы (финансы) тармагындагы коррупциянын негизги «объектиси» болуп, мамлекеттик бюджеттин каражаттары эсептелет. Мамлекеттик бюджетти бөлүштүрүүдө, жумшоодо, казначействодон алуудагы, айрыкча мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордогу кездешчү укукка жат көрүнүш «откаттык коррупция» деп аталат.

Коалициялык коррупция. Парламенттик башкаруу системасына өткөндөн кийин азыркы Парламент Өкмөттү түзүүдө, Премьер-министрди аныктоодо, Өкмөттүн курамын аныктоодо, Парламенттик көпчүлүктү түзүп жатып, өздөрүнүн «коалициялык келишимдерин» түзүп, ал келишим менен бүт аткаруу бийлиги, жергиликтүү бийликтер, өкмөттүк гезит-журналдарга, радио-телевидениеге чейин «саясий кызыл кулактыктын» объектисине айланып, бөлүнүп, өз фракцияларынын кызыкчылыгы үчүн бийлик, байлыктар «алың-алыңга» түшүп, жеке амбициялардын айынан кааласа, Өкмөттү жаңыдан түзүү максатында алдын ала Президент менен сүйлөшүп алып (партиялык заговор), Парламенттик көпчүлүктү бузуу жолу менен өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн кайрадан жаңы Өкмөттү түзүү өнөкөткө айланып баратат.

Мындан сырткары, азыркы Парламентти түзүшкөн 5 партия өздөрүнө тийген кызматтык орундарды мурда партиянын мүчөсү болбогон ар кандай эле адамдарга партиялык (фракциялык) же фракциянын лидеринин чечими менен белгилүү суммага “сатып” жатканы жашырын деле эмес. Бүгүн 200-250 мин АКШ доллары бар адам кайсы бир фракцияга тийген кызматтык орунду же Парламенттен шайлана турган (өтө турган) кызмат орунга фракциялар ортосундагы кыска соодалашуу жолу менен, «ал кылмышкер» болсо деле өтүп жатат. Бул коррупциялык көрүнүш кылмыштык деңгээлге (себеби, туруктуу уюм эмес, бир жолку келишим менен бүткөрүлөт) жетпегени менен Парламенттин, дегеле башка мамлекеттик бийлик бутактарынын авторитетине олуттуу доо келтирүүдө. Мындай Парламенттеги укукка жат көрүнүштөрдү «коалициялык коррупция» деп атадым.

Кыргызстанда коррупция качан пайда болгон, эмнеден башталган,

аны ооздуктоо боюнча кандай чаралар көрүлгөн?


Жогоруда айтылгандай, 1990 -жылдардын башында кыргыз жергесинде пайда боло баштаган батыштын демократиясы, базар экономикасы менен кошо эле «коррупция» деген түшүнүк Кыргызстанда айтыла баштайт. Кыргызстан эгемендүүлүгүнө ээ болгонуна бир жыл толбой жатып, Кыргызстандын биринчи Президенти А.Акаев 1992-жылы коррупцияга каршы «согуш» жарыялаган.

Ал анда Укук коргоо органдарына кайрылып, ошол кезде менчиктештирүү деген саясатка жамынып алып, совхоз-колхоздордун малын массалык уурдоого, ошондой эле банк мекемелеринде болуп жаткан башаламандыкка жол бербөөгө, катуу чара көрүүгө чакырган.

Дагы бир жыл өтпөй А.Акаев прокуратура органдарына кайрылып, экономикалык кылмыштардын күндөн-күнгө кеңейип, кулач жайып баратканын, мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияланышып, мафиялык структуралар менен байланышып баратканы жөнүндө айтып тынчсызданган. Бирок, Президент А.Акаевдин мындай аракеттеринен эч кандай майнап чыкпай, «коррупция» деген түшүнүк эл арасында мамлекеттик чиновниктердин кылмыштуу мафиялык аракеттери катары кабыл алына баштайт. Анткени, Кыргызстанда менчиктештирүү саясаты мамлекеттик төбөлдөрдүн, ошол кездеги депутаттардын ичиндеги «прихватташтыруу» саясатына айланат.

Аргасы кеткен А.Акаев 1996- жылы Коопсуздук Кеңешинде коррупция Ак үйдүн 7-кабатына жеткенин» биринчи жолу мойнуна алат да, коррупцияга каршы үчүнчү жолу «согуш» жарыялайт.

1998-жылы А.Акаев төртүнчү жолу коррупцияга «катуу согуш» жарыялап, иш жүзүндө каржы, айыл-чарба, экология, тышкы соода министрликтеринин анча-мынча чиновниктерин камакка алуу болгон. Бирок¸ аз убакыт өтпөй, камакка алынгандардын баары эркиндикке чыккан.

Урматтуу Замандаш, ушул жерде ошол убакта Акаевдин коррупцияга каршы жүргүзгөн саясаты боюнча эл арасындагы же белгилүү адамдар айтып жүргөн тамаша-азилдерге токтолуп, күлүп алалы…

Президент А.Акаев катуу чаңырып, «Коррупция 7-кабатка чейин жетти. Бүгүндөн баштап аёосуз күрөш жүргүзүлөт, күрөштү баштагыла» -деп Ж.Рустембеков, Т.Керексизов ж.б. окшогон өзүнүн доо-шаа жан- жөкөрлөрүнө кайрылат. Алар болсо бирин-бири карап, «кимибизден баштайлы я» - дегендей бирин-бири кыя албай, анан баары Акаевдин өзүн «көр башыны» карагандай карашып, токтоп, аргасыз мыйыгынан күлүшкөн экен...

Кайран Докем (Дооронбек Садырбаев): «Эй Азимбек, сага мен Турар досумдун (академик Турар Койчуев) алдында кантип «эшек» болгонумду айтып берейин. Турар досум Акаевдин ишенген адамдарынын бири, мен болсо ал кезде сага окшоп Акаевге келишпес оппозициямын (Сөз 1994-1996 -жж. жөнүндө болуп жатат). Бир күнү Турар досум өзүнө чакырып: «Доке, «прихватташтыруу» саясаты болуп жатат, депутаттардын баары эле Бишкектен дүкөн, жер, базар, ашкана, жатакана, кредит ж.б. алып жатышат. Менин колумдан келип турганда сизге «Орто-Сай» базарын менчиктештирип бергенге жардам берейин, кандай дейсиз?» - дейт. Менин оюма илгери кино тартып жүрүп, Базар-Коргонго барып калсам Базар-Коргондун 1- секретары Үсөн (Үсөн Сыдыков): «Дооронбек аке, келип калыпсыз, чай ичиңиз»- деп, тамак берет эле. Ошондо ар качан бир жигит сүлгүнү ийинине илип, кумган менен колго суу куюп, үйдүн босогосунда турчу. «Ой Үсөн, бул жигит ким?» десем, «ал базарком»- деп койчу. Турар досум «Орто- Сай» базарын сунуш кылганда, көз алдыма ошол базарком элестеп, «Жок досум, ырахмат, мен базарком болбойм» - деп «Орто-Сай» базарын албай коем. Анан кечээ (2001-ж.) Ноокенден бир шайлоочум келип, «Доке, «Орто-Сай» базарынан бир контейнерлик орун алып бербейсизби. Базардын ээси коллегаңыз Кубат Байболов экен» - дегенинен Кубатбекке кайрылсам, ал «Жок Доке, аны мен жалгыз чече албайм» - деп шагымды сындырса болобу. Ошондо эсиме Турар досумдун: «бир мезгилде «Орто-Сай» базарын албай, эшек болгон экенмин» - деп өкүнбөсөңүз болду», деген сөзү эске түшүп, бир бөтөлкө конъякты сеткага салып, Турар досума келип: «Турар, мен эшек болгонумду мойнума алдым» - деп, Байболов менен болгон окуяны ага айтып бердим. Бир аз сүйлөшүп олтуруп, сыртка чыгып баратсам Турар досум мени токтотуп: «Доке сиз го сиз, эми мен өзүм жөнүндө айтайын. Сизге «Орто-Сай» базарын, башкаларга да башка объектилерди ээлегенге жардам берип жүрүп, өзүм жок дегенде Осмонакунга окшоп шаардын бир остановкасын да алып койбоптурмун. Мен да сизге окшогон эле эшек экенмин» - деп эки залкар адам бирине - бири күлүшкөн экен. Докем экөөнүн кантип эшек болушканы жөнүндө көп айтар эле…


Эми сөзүбүздү кайра уланталы.

Биринчи Президент А.Акаев Ак үйдүн 7-кабатына коррупциянын жеткенин мойнуна алганы менен «кимден баштарын» билбей 2003-жылга чейин өзүнүн саясий душмандарына «согуш» ачат (З.Сыдыкова, Т.Тургуналиев, Ф.Кулов, Р.Сарымсаков, Ж.Акенеев, Д.Усенов, А.Бекназаров ж.б.).

Жогорку Кеңеште, айыл чарбасына келген кредит-гранттар, приватташтыруу, алтын, «Кумтөр» маселелери боюнча атайын депутаттык комиссиялар түзүлүп, Акаевдин, анын командасынын мыйзамга жат коррупциялык схемаларынын бетин ачышат. Мисалы, башында Ж.Акималиев турган Парламенттик комиссия айыл чарбасына келген кредиттер боюнча иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында Эл өкүлдөр Жыйынынын токтому менен Башкы прокуратурага, Акаевге конкреттүү сунуштар берилген. Бирок, Акаев «түкүрүп» да койгон эмес.

2003-жылдын апрель айында МВФ дин ж.б. каржы донорлордун атайын отчетторунда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан өтө коррупцияланган өлкө катары таанылат. «АКИ пресс» 2003-ж. апрелдин аягында МВФ, Дүйнөлүк Банк, ЕБРР, АБР ж.б. донорлордун 2002-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мурдагы СССР дин курамына кирген жети жарды өлкөнүн эң башкысы экенин жарыялаганын коомчулукка билдирген.

2003-жылдын март айында А.Акаев өзүнүн командасы менен кайрадан Коопсуздук Кеңешинде коррупция маселесин карап: бир эле контрабанда жолдору менен өтүп жаткан товарлардан бир жылда мамлекеттик бюджетке 18 млн. АКШ долларында (800 млн. сомго жакын) каражат түшпөй жатканын, анын себеби эң жогорку кызмат адамдарын “сатылып” кеткенинден болуп жатканы айтылат. Ошол кеңеште катышкан Акаевдин эң жакын адамдары Б.Жанузаков - Президенттин Администрациясында Укук тартип жана коргоо бөлүмүнүн башчысы, К.Кулматов – КР Бажы инспекциясынын башчысынын орунбасары, азыр Бажы башчысы, Ж.Оторбаев - ошондо да, азыр да Премьер-министрдин орун басары ж.б. муну тастыктап беришер. Айтмакчы, ошондон кийин 2003-ж. 8 - апрелинде А.Акаев өзүнүн жарлыгы менен коррупцияга каршы «По добросовестному управлению» деген Консултативдик Кеңешти түзөт. Ал Кеңештин мүчөлөрү болуп Президенттин Администрациясынын, Өкмөттүн, Парламенттин, НПОдон жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү кирет. Бирок, оппозициялык маанайдагы бир дагы адам кирбейт. Ж.Оторбаев Консултативдик Кеңештин төрагасынын орунбасары болгон.


2003-жылдын сентябрь айында өткөөл экономикасы бар Армения, Азербайджан, Грузия, Россия, Таджикистан жана Украина Стамбул шаарында коррупцияга каршы күрөшүүнүн аракеттеринин регионалдык планын бекитишет. Кыргызстан буга 2003-ж. ноябрь айында кошулат. Ошондой эле 2003-ж. декабрь айында БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясына кол коёт, ал 2005-ж. Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланат.

2003- 2004- жж. Коррупция менен күрөшүү багытында «Коррупция менен күрөшүү жөнүндөгү», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Саясий жана атайын малекеттик кызматтын ээлөөчүлөрдүн, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелерин, мүлктөрүн декларациялоо жана ачык жарыялоо жөнүндөгү» ж.б. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Президенти «Мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндө» Жарлыгы күчүнө кирет. Бул аракеттер албетте ОЭСР, ПРООН, ОБСЕ, ЮСАИД, ж.б. эл аралык уюмдардын эксперттеринин жардамы менен ишке ашырылат.

Бирок, мунун баары декларация же формалдуу түрдө гана болуп, коррупцияга каршы эч кандай чыныгы аракеттер жүргүзүлгөн эмес. Мен аны Президент А.Акаевдин эң мыкты досу, үзөңгүлөшү, шакирти, Өкмөт башчысы, кийин, азыр «эң башкы душманы» К.Бакиевдин сөзү менен эле далилдейин.

2005-жылдын 24–март революциясынан кийин бийликке келген К.Бакиев 2005-жылдын 30- майында Вена шаарында ОБСЕнин жыйынында Кыргызстандагы коррупцияны мындай деп сүрөттөгөн: «Огромный вред нанесла обществу коррупция в государственных структурах, борьба с которой проводилась только на бумаге, создавались советы, группы по борьбе с коррупцией, разрабатывались различные меры. Вся эта бурная деятельность имела цель лишь успокоить тревогу у мирового сообщества и стран доноров, внушить им, что в Кыргызстане действительно ведется решительное наступление на коррупцию. На самом деле зарубежная финансовая помощь лишь помогала латать бреши, нанесенные преступным хозяйствованием прежнего руководства нашей страны. Все крупные бюджетообразующие отрасли, такие, как производство алкоголя, строительных материалов, табака, сахара, снабжение горюче-смазочным материалом и керосином находились под контролем семьи экс-президента». Башка далилдин кереги жок. (Анда К.Бакиев инилеринин, уулдарынын таасирине багына элек эле. Айланасында революционерлер жүргөн.)


Ошентип, 2005-жылдын 24-мартында элдик революция жеңип, бийликке К.Бакиев келди.

Коррупция менен күрөшүү революциянын негизги талаптарынын бири болгондуктан К.Бакиев коррупция менен күрөшүүнү ар бир жыйында айтып жүрдү.

Мисалы, 2005-жылдын 4-майында телевидение аркылуу бүткүл Кыргызстандын элине кайрылуу жасап, «…Вторая главная задача - демонтаж коррупционной системы. Мы сейчас остановим существующую в стране систему теневых денежных потоков снизу доверху. Именно эта система порождала коррупцию. Надо изменить отношения государства и бизнеса, прекратить поборы и вымогательства со стороны таможенных и налоговых органов. Это недостойно жить в стране взяточников и коррупционеров. И конечно же, госвзяточники должны сидеть в тюрьме…».

2005-жылдын 24- майында Кыргыздрамтеатрында өткөн КЭКтин 2- курултайында К.Бакиев: «… Главная цель Правительства - борьба с коррупцией. Но, бороться мы должны все вместе. По международным оценкам по уровню коррупции из 113 стран Кыргызстан занимает 102 место…» - деген.

2005-жылдын 3 - сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызматына шайланган Ф.Куловдун сөзүнөн: «Коррупция - как раковые метастазы, охватывает практически весь государственный аппарат. Прежде всего, из-за коррупции наше общество уже разделилось на богатых и бедных. Претендуя возглавить Правительство, повторяю ранее сделанное мною официальное заявление: «Я не буду коррумпированным, моя семья не будет коррумпированной, моя команда не будет коррумпированной». Коррупция в стране сложилась в устойчивую преступную систему. Я не хотел бы, чтобы мы в очередной раз заболтали этот вопрос множеством издаваемых документов и созданием отвлекающих от истинной борьбы структур, вместо принятия конкретных мер по ее искоренению…».

А иш жүзүндө ошондой болдубу? Аны өзүңөр жакшы билесиздер.

2005-жылдын 21-июнунда Президенттин милдетин аткаруучу К.Бакиевдин №251 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүүнүн мамлекеттик стратегиясы кабыл алынат.


2006-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн №132, 400, Токтомдору менен коррупция менен күрөшүүнүн комплекстүү иш чараларын бекитет жана 2006-2007-ж. аны менен күрөшүүнүн Программасы бекитилет.

Президент К.Бакиевдин 2005-жылдын 8-сентябрындагы жана 21-октябрындагы Жарлыктары менен коррупция менен күрөшүүгө байланыштуу үч орган түзүлөт: биринчиси, Кыргыз Республикасынын Каржы чалгындоо кызматы; экинчиси, Кыргыз Республикасынын Коррупция менен күрөшүү боюнча Улуттук Кеңеш; үчүнчүсү, Улуттук Кеңештин аткаруучу органы болгон Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук Агенттиги.

Мындан сырткары, 2005-жылы май айында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу А.Бекназаровдун буйругу менен Коррупция менен күрөшүүнүн 100 күндүк иш программасы бекитилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик Салык инспекциясынын башчысынын 2005-жылдын 14-июлдагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Салык органдарындагы коррупциялык элементтерди жоюу боюнча иш план бекитилет.

2005-жылдын Март революциясынан кийин болгон мындай иш аракеттер деле Акаевдин иш аракеттериндегидей кагаз бетинде гана калып, коррупция Акаевдин мезгилинен да бир нече эсеге жогорулайт. Экономика, бийлик, бизнес, каржы чөйрөлөрү Акаевдин мезгилинде анын бир үй-бүлөсүнүн таасиринде болсо, Бакиевдин учурунда анын инилеринин, балдарынын «ээлиги» болуп, бир нечеге бөлүнөт. Бакиев заманында бизнес, каржы, майлуу чөйрөлөр эле үй-бүлө тарабынан ээленбей, сот системасы, аткаруу бийлиги, Парламент үй-бүлөгө кызмат кыла баштайт.

Ушундай абалда Кыргызстандын эли 2010-жылдын 7-апрелинде экинчи Элдик революцияга чыгышат. Бакиевди үй-бүлөсү менен качып кетүүгө мажбурлайт. Бул революциядан кийин Бакиевдей эле революциянын шарапаты менен бийликке келген өткөөл мезгилдин Президенти Р.Отунбаеванын сөзү менен Бакиевдик бийликтин элесин берейин: «…Азыркы бийлик (Бакиевдин бийлиги жөнүндө сөз болуп жатат) мурдагы Президенттин жакын адамдарынын көп миллиондогон киреше алып келүүчү коррупциялык схемасын жок кылуунун ордуна, кайрадан баарын өзүнө тартып, аларды сылап-сыйпап олтурат. А.Акаевдин үй-бүлөсү аягына чыгара албай калган иштерди улантып, азыркы бийлик жалпы элдин байлыгын жеке адамдардын колуна өткөрүп, аягына чыгып олтурат…» (Парламенте сүйлөгөн сөзүнөн).


Убактылуу Өкмөт тарабынан даярдалган Конституция боюнча прокуратура органдарына биринчи жолу конституциялык деңгээлде кызматтык кылмыштарды куугунтуктоо иши жүктөлдү (Конституция 2010-ж. ст.104 п.6.).

2011-жылдын октябрында бүткүл эл тарабынан шайланып келген азыркы Президент А.Атамбаев 2012-жылдын башында коррупцияга каршы адаттагыдай «келишпес согуш» жарыялап, азыр «согушуп» жаткан мезгилибиз.

А.Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитетинин алдында атайын Коррупцияга каршы кызмат уюштурулуп, Президент тарабынан ага катуу тапшырма берилди жана ал кызматка Сталиндин убагындагы «тройкадай» эле ыйгарым укуктар берилди.

Мына урматтуу окурман, окуп олтурсак, бийлик тынбай эле коррупция менен күрөшүп келе жаткандай көрүнөт. Бирок, жогоруда айтылгандай, өлкөдө ким коррупционер дегенде эч ким жок, соттолгон адам да, жок дегенде өкүнгөн киши да жок. Баары «таптаза»!



следующая страница >>