shkolakz.ru 1
2013-жылдын 14-январы, №14



Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

201__-жылдын “____”_______________

№ _______ токтомуна 1-тиркеме


Кыргыз Республикасында

адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы


1. Учурдагы кырдаалды талдоо

2. Проблемалар

3. Программанын максаты жана милдеттери

4. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо

5. Күтүлүүчү натыйжалар


Бул Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары - Программа) “Адамдарды сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык иштелип чыккан жана адамдарды сатуунун натыйжалуу алдын-алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга жана адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүүгө багытталган.

Практика көрсөткөндөй адамдарды сатуу жаңы социалдык-экономикалык реалдуулукка оңой ыңгайлашып жана адамдарды сатуучулар үчүн кыйла киреше алып келет.

Трансулуттук кылмыштуу топтор кылмыштуу операцияларды өткөрүүнүн жолдорун жана ыкмаларын алмаштыруу менен ар кайсы өлкөлөрдөгү мыйзамдардын катууланышына тез ыңгайлашат, бул аларды аныктоону жана ага каршы күрөшүүнү кыйындатат.

Азыркы учурдун шарттарында адамдарды сатуу жана аны менен байланышкан укукка каршы жосундар өтө жашыруун, алдын-ала даярдалган болууда. Бул жагдай адамдарды сатуучулардын кылмыш иштеринин андан ары өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Буга байланыштуу дүйнөдө адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө жана бул процесске мамлекеттик органдарды, эл аралык жана коомдук уюмдарды тартууга өзгөчө көңүл бурулат.

Дүйнөдө адамдарды сатуунун абалын талдоо аталган чөйрөдө иштердин абалы дале олуттуу бойдон калып жаткандыгын көрсөтүүдө.

Адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн актуалдуулугун көңүлгө алып, Кыргызстан адамдарды сатууга каршы аракеттенүүнүн мыйзамдык, институттук, маалыматтык түзүүчүлөрүнө чоң маани берет.



1. Кырдаалды талдоо


Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адамдын укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук болуп саналат, кулчулукка жана адамдарды сатууга жол берилбейт. Бул конституциялык ченемдердин негизинде республикада адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдык база түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин ишин системалаштыруу жана координациялоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Алсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-апрелиндеги
№ 94 Жарлыгы менен бекитилген 2002-2005-жылдары Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз алып кетүүгө жана сатууга каршы күрөшүү боюнча чаралардын программасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2008-2011-жылдарга карата иш-аракеттер планын ишке ашыруу мамлекеттик органдардын азыркы учурдагы кулчулукка сатууга каршы аракеттенүү боюнча иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык укуктун ченемдерине шайкеш келтирүү менен байланышкан бир катар маселелерди чечүүгө, маалыматтык жактан камсыз кылуу, алдын-алуу, укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берди.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарын чет өлкөлүк жарандардын асырап алуу жол-жобосунун тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 44, 45, 47, 66-беренелерине ылайык балдар үйлөрүнөн, интернаттардан, төрөт үйлөрүнөн, ымыркайлар үйлөрүнөн балдарды асырап алуу процессине, ошондой эле үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнүн жана реабилитациялык борборлордун ишин контролдоо күчөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы

№ 166 “1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасы Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияга кошулган.


Кыргыз Республикасынын адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарын Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келтирүү, ошондой эле адамдарды сатуу үчүн кылмыш-жазык жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде үчтөн сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратуу түрүндө каралган жаза санкциясы бештен сегиз жылга чейинки мөөнөткө өзгөртүлгөн жана ал оор кылмыш катары квалификацияланган (124-берене). Мындан тышкары эмгекти мажбурлоо менен пайдалануу (1251-берене) жана порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди билип туруп тартуу (2621-берене) сыяктуу кылмыштардын жаңы курамы киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде эмгекти коргоого жана жарандарды социалдык жактан коргоого, коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка
(662, 75, 751, 76, 77, 367, 389, 3891, 3892-беренелер) коркунуч туудурган айрым администрациялык укук бузуулар үчүн администрациялык жоопкерчилик катуулатылган. Ошондой эле Кодекс легалдуу эмес мигранттарды алып кетүү фактыларын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан жеке иштер боюнча өтүүчү адамдардын жоопкерчилигин белгилеген 2-бөлүк менен толукталган (3911-берене).

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган баланы чет өлкөлүк жарандар жана республиканын аймагында жарандыгы жок адамдар асырап алууда жарандык иштерди кароо боюнча сот процессинде прокурордун милдеттүү түрдө катышуусун караган толуктоо киргизилген (45-берене).

«Адамдарды сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын түшүнүктөрүнүн ченемдик аныктамаларын бирдейлештирүү максатында 1-беренеге толуктоо киргизилген, бул ченемдерин ар кандай чечмелөөнү болтурбоого мүмкүндүк берди жана укуктук колдонуу практикасын бир түрдүү түзүүгө мүмкүндүк берди. Ошондой эле бул Мыйзамдын айрым ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин, “Тышкы миграция жөнүндө” жана “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келтирилди жана 3, 5, 7, 9, 21, 23, 27-беренелерге тиешелүү толуктоолор жана өзгөрүүлөр киргизилди.


2005-жылдын 25-ноябрындагы адамдарды, киши органдарын жана ткандарын сатууга каршы күрөшүүдө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктигине (мындан ары – КМШ) катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга ылайык жана адамдарды сатуу менен байланышкан кылмыштарды алдын алуу, аныктоо, болтурбоо жана ачуу маселелери боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
5-сентябрындагы № 529 токтому менен 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө КМШга катышкан мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин (полицияларынын) кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитилген.

КМШга катышуучу мамлекеттердин адамдарды сатууга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгын андан ары өркүндөтүү максатында КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 71 Мыйзамы менен ратификацияланган 2006-жылдын 28-ноябрындагы 2007-2010-жылдарга КМШга катышкан мамлекеттердин Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгынын программасы бекитилген. Бул Программага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, анын курмандыктарына жардам көрсөтүү, укук коргоо органдарынын адамдарды сатууга байланышкан кылмыштарды алдын ала, аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу боюнча иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.

Акыркы жылдары Кыргызстандын укук коргоо органдарында адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн белгилүү тажрыйбасы топтолгон. Алсак, оперативдик-изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө адамдарды сатуу менен алектенген кылмыштуу топтор аныкталып жана жоопкерчиликке тартылган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде 2008-жылда адамдарды сатуунун 28 фактысы, ал эми
2009-жылда – 6, 2010-жылда – 13, 2011-жылда – 9 кылмыш иши катталып, алардын ар бири боюнча кылмыш иштери козголгон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө бөлүмү тарабынан 2008-2011-жылдар мезгилинде адамдарды сатуунун 10дон ашык каналы аныкталып жана бөгөт коюлган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси боюнча 10 кылмыш иши козголгон, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарына жана Түркия Республикасына сексуалдык эксплуатациялоо үчүн кыздарды жөнөткөн туруктуу каналдар аныкталып жана бөгөт коюлган.

Кылмыш иштеринин келтирилген статистикасын эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн бул изилдөөлөр менен салыштыруу кылмыштын бул түрүн латенттик чөйрөдөн чыгаруунун татаалдыгын ырастайт. Укук бузуулардын мындай категориясы менен иштөө укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин атайын билимдерин жана даярдыгын талап кылат.

Мындан тышкары аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери адамдарды сатуу фактыларын аныктоо боюнча жетиштүү чараларды көрүшпөйт, көбүнчө иш жабыр тарткандардын арыздары боюнча иштерди иликтөө менен гана чектелет. Бул жагдай эл аралык уюмдардын адистерин тартуу менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу семинарларды жана тренингдерди өткөрүү зарылдыгын көрсөтөт.

Калктын адамдарды сатуу боюнча маалымдуулугун жана укуктук жактан сабаттуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасында Миграция боюнча эл аралык уюмдардын миссиясынын (мындан ары – МЭУ) колдоосунда өкмөттүк эмес уюмдардын тармактары менен кызматташтыкта адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. МЭУнун колдоосунда чыгарылган маалыматтык материалдар потенциалдуу эмгек мигранттарынын арасында таркатылган, телерадио берүүлөр, облустук театрлардын актёрлорунун катышуусунда спектаклдер уюштурулуп, кыска метраждуу тасмалар, ток-шоу, КВН көрсөтүлүп, макалалар жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын облустук, райондук жана шаардык башкармалыктарынын такталарында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 250 жана андан ашык маалыматтык материалдар жайгаштырылган.


2008-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын системасына миграция маселелери боюнча маалымат алуу үчүн 44 миңден ашык Кыргызстандын жарандары кайрылган, анын ичинде чет өлкөдө ишке орношуу (58%) жана адамдарды мыйзамсыз алып кетүү жана сатуу маселелери боюнча (42 %). МЭУнун колдоосунда биздин республиканын бардык облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында адамдарды сатуунун алдын-алуу боюнча «Шашылыш байланыш - 189» телефондору иштейт. 2008 – 2011-жылдардын мезгилинде жарандардан 36 миң телефон чалуулар болгон, аларга миграция, адамдарды мыйзамсыз алып кетүү жана сатуу маселелери боюнча маалымат берилген.   

Чет өлкөдөгү жарандарды эмгектик эксплуатациялоого бөгөт коюу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргызстандын чегинен тышкары уюштуруп, мыйзамдуу ишке орноштуруу максатында
2009-жылы Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын алдында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору түзүлгөн. 2010-2011-жылдары 10 миңге жакын потенциалдуу эмгек мигранттарынын маалыматтар базасы түзүлгөн, алардын ичинен ишке орноштуруу боюнча маалыматтык кызмат көрсөтүүлөргө 7 миңден ашык адам кайрылган, тигүүчү, кыш кыноочу, бетон куюучу жана башка адистиктер боюнча 832 адам ишке орноштурулган. Россиялык иш берүүчүлөр, кадр агенттиктери менен 20дан ашык макулдашуулар түзүлгөн, кызмат көрсөтүү жана курулуш чөйрөсүндө 3,5 миңге жакын жумуш орду бөлүнгөн.

Борбор тарабынан Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети менен Корея Республикасынын Эмгек министрлигинин ортосунда Иштөөгө уруксаттарды берүү системасы боюнча Корея Республикасына жумушчу күчтөрдү жиберүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга ылайык Корея Республикасына иштөөгө кетип жаткан 1,5 миңге жакын жарандарга корея тилин үйрөтүүгө, эмгек келишимдерин макулдашууда, визалык колдоо көрсөтүүдө көмөк көрсөтүлгөн.

Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук, миграция, билим берүү уюмдарынын, прокуратуранын кызматкерлери, муниципалдык кызматчылар жана судьялар үчүн МЭУнун, ЕККУнун, БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, Америка Юристтер Ассоциациясынын жана Эмгек боюнча эл аралык уюмунун (мындан ары-ЭЭУ) көмөгү менен адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча окутуучу семинарлар өткөрүлгөн.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы академиясында, Милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын орто мектебинде, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Россия Федерациясынын Биринчи Президент Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде Америка Юристтер Ассоциациясынын жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин колдоосунда окуу пландарына адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын курс киргизилген. Бул максатта ички иштер органдарынын кызматчылары, прокуратура, улуттук коопсуздук кызматкерлери, адвокаттар, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары – ИИМ) окуу жайларынын студенттери, курсанттары жана угуучулары үчүн арналган «Адамдары сатуу: жазык-укуктук жана процесстик аспекттер» жана «Адамдарды сатуу жөнүндө иштер боюнча жазык-процесстик документтердин үлгүсүнүн жыйындысы» окуу куралы иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппараты тарабынан адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кылмыш иштерин кароонун соттук практикасын жалпылоо жүргүзүлгөн жана “Адамдарды сатуу жана мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жөнүндө кылмыш иштери боюнча баяндама” жарыяланган.

Мамлекеттик органдар тарабынан эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууда адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо боюнча бардык жерде иш жүргүзүлүүдө. Алсак, 2008-2011-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасындагы МЭУ миссиясынын каражаттарына өкмөттүк эмес уюмдардын (мындан ары - ӨЭУ) өкүлдөрү тарабынан 700 адамдарды сатуунун курмандыктарына мекенине кайтып келүүдө, укуктук, медициналык жана психологиялык жаатында жардам алууда, кесипке ээ болууда жардам көрсөтүлгөн. Жалпы санынан мажбурлаган эмгектин курмандыктарынын үлүшү 70%ды түзөт, сексуалдык эксплуатациялоо – 30%. Жабыр тарткандардын жалпы санынан эркектердин үлүшү - 60%дан ашыкты түзөт.

Кыйын турмуштук кырдаалдагы балдардын адамдарды сатуучулардын курмандыгы болуп калуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Кароосуз калган балдарга келечекте ишке орношууга жардам көрсөтүү үчүн Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитети менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) ортосундагы макулдашуунун негизинде 2009-жылы Ресурстук борбор ачылган. Бул Макулдашуунун жана «Кыргызстанда кароосуз калган балдар үчүн кесиптик билим берүү» долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында бул категориядагы балдар кийин республиканын ишканаларында ишке орноштуруу үчүн лицейлерде тийиштүү билимге ээ болушат. Алсак, 2009-2011-жылдары 80ден ашык өспүрүмдөр окууга жиберилип, 250дөн ашууну убактылуу жана бир жолку иштерге орноштурулган.


Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электерди көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборунун кызматкерлери тарабынан МЭУнун колдоосунда балдардын көзөмөлсүз калуусун жана жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын-алуу, үй-бүлөдөн, балдар мекемелеринен кетүүнүн себептерин аныктоо, ошондой эле аларды үй-бүлөсүнө жана балдар мекемелерине кайтаруу боюнча иш жүргүзүлүүдө. 2009-2011-жылдары Жашы жете электерди көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборунда 3 миңге жакын бала зарыл жардам, анын ичинде медициналык жана психологиялык жардам алышкан.

Кылмыштуу топтор заманбап маалыматтык технологияларды улам көбүрөөк активдүү пайдаланышууда. 2011-жылы «Эл-Пикир» коомдук пикирди изилдөө жана божомолдоо борбору тарабынан «Интернетте балдардын коопсуздугу» изилдөөсү жүргүзүлгөн, алардын маалыматтары интернетте балдардын порнографиясы проблемасы Кыргызстан үчүн өзгөчө актуалдуу экендигин айгинелейт. Буга байланыштуу башка өлкөлөрдүн бул көрүнүш менен күрөшүү тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу керек.

МЭУнун көмөгү менен «Борбордук Азияда адамдарды сатуунун масштабдары» социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн, ага Кыргызстандан “Миграция жана качкындар маселелери боюнча региондук борбор” коомдук фонду катышкан. Изилдөөлөргө ылайык адамдарды сатуунун курмандыктарынын жалпы санынан эмгектик эксплуатациялоо сексуалдык эксплуатациялоого караганда республиканын ичинде да: 1000 үй-бүлөгө – 32,7 (алардын ичинен аялдар - 12,6, эркектер - 20,1), ошондой эле анын чегинен тышкарыда – 107,0 (алардын ичинен аялдар - 39,4, эркектер – 67,6) басымдуулук кылат.

Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маанилүү жыйынтыгы болуп адамдарды сатуунун негизги түрлөрүнүн катышын аныктоо болду.

Көйгөйдүн олуттуулугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан адамдарды сатууга каршы аракеттенүү, адамдарды сатуунун алдын-алуу, адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жактан колдоо жана жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын эриш-аркак иштөөсүн жакшыртууга багытталган чаралар көрүлгөн.


Бирок, азыркы учурдагы кулчулукка сатуу ыкмалары дайыма өркүндөтүлүп, кылмыштуу топтор мыйзамдардагы жана укук колдонуу практикасындагы кемчиликтерди пайдаланышууда, бул адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин андан ары өркүндөтүүнү талап кылат.


2. Проблемалар


Адамдарды сатуу глобалдуу масштабдагы көрүнүш, эл аралык криминалдык бизнестин курамдык бөлүгү болуп калды. Адамдарды сатуу үчүн шарттарды түзгөн бир катар факторлор бар. Бул факторлорго татаал социалдык-экономикалык абал, аны менен байланышкан республиканын ичинде да, анын чегинен тышкары да жогору эмгек акыны жана жашоонун жакшы шарттарын издөөдө мигранттардын санынын өсүшүнө алып келген жумушсуздукту киргизсе болот.

Мындан тышкары мигранттардын арасында билим деңгээли жана укуктук жактан сабаттуулугу төмөн эмгекке жарамдуу калк басымдуулук кылат.

Калк арасында жүргүзүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү иштерине карабастан ой жүгүртүүнүн болгон көндүмдөрү маалыматты адекваттуу кабыл алууга мүмкүндүк бербейт. Өз кезегинде бул адамдарды сатуу коркунучуна алып келген сунуштарды жана кырдаалды сын көз караш менен кабыл алуунун жоктугуна алып келет.

Улам өсүп жаткан миграциялык процесстер жана аларга жетишсиз мамлекеттик контроль табигый миграциянын кыйла өсүшүнө алып келет, бул өз кезегинде адамдарды сатууга шарт түзөт.

Республиканын укук коргоо органдары карым-катнаш жана кылмыштуу байланыштар, адамдарды сатуунун курмандыктарын кармоо жөнүндө жана башка маселелер боюнча ыкчам жана башка маанилүү маалыматты алмашууда башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен эриш-аркак иштөөдө белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болууда. Азыркы учурдун өзгөрүп жаткан реалдуулугу мыйзамды, аны колдонуунун түзүлгөн практикасынын негизинде жана эл аралык укуктук актыларды эске алуу менен анын адамдарды сатууга каршы аракеттенүү, жөнгө салынбаган миграция бөлүгүн андан ары өркүндөтүүнү талап кылат.

Адамдарды сатуунун терс кесепеттерин азайтуу максатында калктын мыйзамсыз миграциянын жана адамдарды сатуунун коркунучтары жөнүндө маалымдуулугун андан ары жогорулатуу, адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлерине маалыматтык-билим берүү иши, адамдарды сатууга бөгөт коюу, адамдарды сатуучулар жана алардын ишинин методдору жөнүндө маалымат алмашуу боюнча механизмдерди түзүү боюнча укук коргоо органдарынын натыйжалуу иши, адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчтөтүү талап кылынат.

Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча

2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында каралган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иштеринин натыйжалуулугун, адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча прогрессивдүү эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан.


3. Программанын максаты жана милдеттери


Программанын максаты мамлекеттик органдардын пландуу жана координацияланган иштерин камсыз кылуу жана адамдарды сатуунун натыйжалуу алдын-алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, адамдарды сатуунун курмандыктарына колдоо жана жардам көрсөтүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууда эл аралык уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат.

Программанын милдеттери төмөнкүлөрдөн турат:


  1. Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.

  2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалымдуулугунун деңгээлин адамдарды сатуу кооптуулугу жөнүндө жалпы коомчулукка эскертүү боюнча иш-чараларды туруктуу жүргүзүүнүн негизинде андан ары жогорулатуу.
  3. Мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо жолу аркылуу адамдары сатуунун алдын-алуу боюнча маалыматтык-билим берүү ишин күчөтүү.


  4. Адамдарды сатуунун алдын-алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча натыйжалуу чараларды ишке ашыруу жана «Адамдарды сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык анын кесепеттерин азайтуу.

  5. Адамдарды сатуунун курмандыктарына колдоо жана жардам көрсөтүү.


4. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо


Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугу көрүлгөн чаралардын натыйжаларына дайыма мониторинг жүргүзүү жана баалоо жолдору аркылуу аныкталат. Акыркы жыйынтыктарга күтүлүүчү натыйжаларды жана ишке ашыруу индикаторлорун салыштыруу аркылуу байкоо жүргүзүлөт.


5. Күтүлүүчү натыйжалар


Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өркүндөтүүнү талап кылган ченемдик укуктук актылардын тизмесин даярдоону жана рекомендацияларды иштеп чыгууну;

- миграция чөйрөсүндөгү, анын ичинде адамдарды сатуунун жана мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча калкка маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууну;

- жарандардын адамдарды сатуу жана мыйзамсыз миграция коркунучтары жөнүндө маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана камсыздоону;

- жарандардын адамдарды сатууга катышуудан өзүн коргоо потенциалын калкты бул көрүнүштүн коркунучтары жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жана эскертүү жолу менен бекемдөөнү;

- билим берүү уюмдарында адамдарды сатууга каршы күрөшүү жөнүндө тематиканы кеңейтүү жолу менен адамдарды сатуу маселелери боюнча окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу;

- жарандардын эки тараптуу жана региондук деңгээлдерде ишке орношуу жолдорун жана механизмдерин кеңейтүү;

- жарандардын адамдарды сатууга карата аялуулугун төмөндөтүүнү;

- адамдарды сатуу боюнча кылмыштарды алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу боюнча окутуучу семинарларды уюштуруу жолу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлери үчүн маалыматтык-билим берүү ишинин деңгээлин жогорулатууну;


- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлеринин жарандардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүдө көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатууну;

- адамдарды сатуу менен байланышкан кылмыштарды алдын ала, аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик көндүмдөрүнүн деңгээлин атайын курстарды иштеп чыгуу аркылуу жогорулатууну;

- укук коргоо органдарынын башка мамлекеттердин тиешелүү органдары менен адамдарды сатууну алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жана анын курмандыктарына зарыл жардам көрсөтүү боюнча кызматташтыгын өнүктүрүүнү;

- адамдарды сатууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча профилактикалык чараларды күчөтүүнү;

- укук коргоо органдары тарабынан адамдарды мыйзамсыз алып кетүүнүн жана сатуунун ачылган фактыларынын санын жогорулатууну;

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосунда адамдарды сатуу боюнча маалымат алмашууну жакшыртууну;

- адамдын жана жарандын укугун, кызыкчылыктарын коргоону;

- укук коргоо органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын иштерин координациялоону жогорулатууну;

- коопсуздукту камсыздоону; социалдык жактан коргоону жана реабилитациялоону, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жардам көрсөтүүсүн караган адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо чараларын ишке ашырууну;

- мамлекеттик органдардын эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен адамдарды сатууга каршы аракеттенүүдө андан ары эриш-аркак иштөөсүн.

______________________________________________________